Indesit AWM 108 (EU).N Mode d'emploi Page 51

  • Télécharger
  • Ajouter à mon manuel
  • Imprimer
  • Page
    / 56
  • Table des matières
  • MARQUE LIVRES
  • Noté. / 5. Basé sur avis des utilisateurs
Vue de la page 50
51
KGZ
Температураны жөнгө салуу
Кир жуу температурасын тескөө ТЕМПЕРАТУРА жөндөгүчүнүн жардамында жүргүзүлөт рограммалар
таблицасын кара.). Температуранын мааниси муздак сууда жууганга чейин азайтылышы мүмкүн.  
Машина ар бир программа үчүн каралган максималдуу мааниден ашык болгон температураны тандоого
автоматтык түрдө жол бербейт.
Сыгуу ылдамдыгын тандоо
Тандалган программанын сыгуу ылдамдыгын тандоо СЫГУУ ылдамдыгын жөндөгүчтүн жардамында жүргүзүлөт.
Ар кайсы программа үчүн сыгуунун ар кандай максималдуу ылдамдыгы каралат:
Программалар Сыгуунун максималдуу ылдамдыгы
Пахта мүнөтүнө 1000 айлануу
Синтетикалык кездеме мүнөтүнө 1000 айлануу
Жүн мүнөтүнө 800 айлануу
Жибек сыгуусуз
Сыгуунун ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн же жөндөгүчтү  абалына буроо менен сыгуу таптакыр жокко
чыгарылышы мүмкүн.
Машина ар бир программа үчүн каралган максималдуу ылдамдыктан жогору болгон сыгуунун ылдамдыгын
тандоого жол бербейт.
Кошумча функциялар
Машинанын ар кандай кир жуу функциялары сиздин кирдин каалаган тазалыгына жана актыгына жетүүнү
шарттайт.
Функцияларды тандоо тартиби:
1. сизге керектүү функциянын баскычын басыңыз;
2. тийиштүү индикаторду күйгүзүү функция күйгүзүлгөнүн түшүндүрөт.
Эскертүү:
- Эгерде тандалган функция тапшырылган программа менен шайкеш болуп саналбаса, тийиштүү индикатор
бүлбүлдөйт, үн сигналы чыгат жана бул функция күйгүзүлбөйт.
- Эгерде тандалган функция башка, мурда тапшырылган кошумча функция менен шайкеш келбесе, акыркы
тандалган функция гана күйөт.
Супержуу
Циклдын башталышында көп өлчөмдө сууну пайдалануунун жана циклдын узактыгынын аркасында бул функция
оптималдуу жууну камсыздайт.
Кошумча чайкоо
Бул функцияны тандоодо жуугуч затты максималдуу кетирүү менен, чайкоонун натыйжалуулугу жогорулайт. Бул
функция териси жуугуч каражаттарга сезгич болгон адамдар үчүн өзгөчө ыңгайлуу.
Жеңил үтүктөө
Бул функцияны тандоодо кир жуу жана сыгуу циклдары кирдин бырышуусун азайтуу үчүн өзгөрөт. Циклды
аяктагандан кийин машина барабанды жай айлантат. “Жеңил үтүктөө” функциясы жана ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
индикатору (кызгыл сары түс менен) бүлбүлдөйт, фазасынын индикатору бүлбүлдөбөй күйөт. Циклды аяктоо
үчүн ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын же “Жеңил үтүктөө” баскычын басыңыз.
Жибек программасын тандоодо машина циклды сууну төгүүсүз аяктайт жана Жеңил үтүктөө” функциясы
жана ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатору (кызгыл сары түс менен) бүлбүлдөйт, “Чайкоо” фазасынын индикатору
бүлбүлдөбөй күйөт. Сууну төгүү жана кирди чыгаруу үчүн ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын же “Жеңил үтүктөө”
баскычын басуу керек.
Мөөнөтүн артка жылдыруу таймери
Циклды иштетүүнүн 12 саатка чейин кармайт.
Кармоонун керектүү маанисине ылайык келген индикаторду күйгүзгөнгө чейин баскычты бир нече жолу басыңыз.
Баскычты бешинчи жолу басууда функция өчүрүлөт.
ЭСКЕРТҮҮ: ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын баскандан кийин кармоо убактысын азайтуу тарабына гана өзгөртүүгө
болот.
Персоналдаштырылган
тескөөлөр
Vue de la page 50
1 2 ... 46 47 48 49 50 51 52 53 54 55 56

Commentaires sur ces manuels

Pas de commentaire